2026-11-12

Факультетибизде ата-энелердин чогулушу болуп өттү


Факультетибизде 2026-жылдын 10-ноябрында саат 13:30да 1-лабораторияда студенттерибиздин ата-энелеринин катышуусунда кеңири маалымат берүүчү чогулуш уюштурулду.

Факультеттин жетекчилиги менен үй-бүлөлөрдү жолугуштурган бул жыйынга декандын м.а., декандын орун басары жана окутуучулар курамы катышты.

Жыйындын алкагында студенттердин академиялык жана социалдык өнүгүүсүн колдоо максатында жүргүзүлүп жаткан иштер кеңири талкууланды. Каралган негизги темалар төмөнкүлөр болду: Билим берүү жана сабактар: Учурдагы билим берүү программасынын мазмуну жана сабактардын өтүлүү процесси тууралуу маалымат берилди; Алмашуу программалары жана стажировка: «Орхон» алмашуу программасы сунуштаган эл аралык мүмкүнчүлүктөр жана студенттердин кесиптик өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ болгон стажировка процесстери жеткирилди; Карьера жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү: Окууну аяктагандан кийин студенттерди күтүүчү иш орундары жана тармактагы жумуш мүмкүнчүлүктөрү бааланды; Кампус жашоосу жана социалдык шарттар: Университетибиздеги студенттик жашоо, активдүү студенттик клубдар, кампустагы тамактануу шарттары жана социалдык иш-чаралар тууралуу маалымат берилди; Санариптик маалыматтандыруу: Ата-энелердин жана студенттердин кулактандырууларды жакындан көзөмөлдөп туруусу үчүн университетибиздин расмий веб-баракчасынын колдонулушу жана маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жыйын ата-энелердин суроолоруна жооп берүү жана өз ара пикир алмашуу менен ийгиликтүү аяктады.